«Манас» аэропорту коррупциянын кесепетинен 50 млн $ инвестициядан куру жалак калышы мүмкүн

24.02.2021, 11:30 Акчабар
«Манас» аэропорту коррупциянын кесепетинен 50 млн $ инвестициядан куру жалак калышы мүмкүн

«Манас‎» Эл аралык аэропортундагы коррупциялык схеманы уюштуруучу катары кылмыш материалдарында катталган түркиялык «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы аба майданды 50 млн долларга инвестициялоону пландаган. Бирок, аэропорттун айланасындагы акыркы жагдайлардан соң, инвестициялык долбоорду токтотууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу компаниянын расмий маалыматтарында айтылат.



Эске салсак, аэропорттун жетекчилиги тарабынан эл аралык «Gata havayollari ve tasimacilik» ишканасына жүк ташууга жеңилдиктер мыйзамсыз берилгендиги боюнча аэропорттун экс-жетекчиси Мурат Примбердиев жана аэропорттун мурунку директору Эмир Чукуев кармалган. Алар бюджетке 12 млн доллар зыян келтирген деп айыпталышууда.


Жакында болсо «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы укук коргоо органдарынын айыптоолоруна макул эмес экендиги тууралу расмий билдирүү тараткан. Ошондой эле эл аралык компания жакынкы аралыкта кылмыш иш жабыларына үмүттөнүп жаткандыгын кошумчалаган.

 


«2016-жылы «Манас» аэропортундагы жүргүнчү жана жүк ташуучу рейстерди көбөйтүү максатында Gata havayollari ve tasimacilik жана «Манас» эл аралык аэропорту ошондой эле «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК менен биргеликте келишимге кол коюлган. Ага ылайык, атайын жеңилдиктер берилген. Бул жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүү үчүн башка аэропорттордо дагы кездешүүчү кадимки практика болуп саналат», — деп түшүндүрүштү компаниядан.


Инвестор белгилегендей, бул кызматташуунун жыйынтыгында 2016-жылдын ноябрь айынан 2020-жылга чейин «Манас» эл аралык аэропорту кызмат үчүн 40 млн долларга жакын каражат төлөп берген.


«Биздин компания Кыргызстандын аэропортунан жүк жана жүргүнчү рейстердин санын 2016-жылы 616 рейстен 1 миң 437 рейске чейин (2017-жылы) жогорулаткан. Бул «Манас» аэропорту аркылуу жүк ташуунун көлөмүн өстүрүүгө өбөлгө түзгөн. Жүктүн көлөмү жылына беш миң тоннадан 15 миң тоннага чейин, тагыраагы үч эсеге жогорулаган», — деп билдирди «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясындагылар.


Компаниядан кошумчалашкандай, «Манас» аэропортунун жана жалпысынан кыргызстандык авиациянын мындан аркы өсүүсүнө 50 млн долларга чейин инвестиция салуу пландалган. Бирок, сотко чейинки негизсиз териштирүүлөрдөн улам инвестициялык долбоор токтоп турат.


«Биздин компаниянын ишинин токтогондугуна байланыштуу, 2020-жылдын ноябрь айынан тарта, буга чейин «Манас» аэропортунда тейленген 70% жакын рейстер, биз тараптан кошуна өлкөлөрдүн аэропорттторуна жөнөтүлдү. Өлкөдөгү азыркы экономикалык каатчылыктын шартына ылайык, Кыргызстан жаңы киреше булактарды табууга кызыкдар болуусу керек эле», — деп билдиришти түркиялык ишкананын өкүлдөрү.

 

 

 

Тэги: Манас аэропрту коррупция инвестиция Gata havayollari ve tasimacilik Мурат Примбердиев Эмир Чукуев Алия Курбанова экс-жетекчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу