“Манас” аэропортунун аймагында интернет-дүкөндөрдүн товарлары үчүн эркин кампа зоналарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргыз почтасынын” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе “Манас” аэропортунун жетекчилиги менен кытайлык “SPSI” компаниясы, ошондой эле “Чэнду-Шуанлю” жана “Чэнду Тяньфу” эл аралык аэропорттору менен талкууланууда.
“SPSI” менен электрондук соода тармагында кызматташуу, “ Борбордук Азия – Кытай ” логистикалык маршруттарын өнүктүрүү жана Кыргызстанда интеграцияланган байланыш зоналарын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Эң заманбап эркин бажы зоналарынын бирине ээ болгон “Чэнду Тяньфу” эл аралык аэропортунда кыргыз тарап Кытайда эркин соода киргизүү тажрыйбасын өздөштүрүүдө.
Эркин бажы зонасы (эркин кампа) – интернет сайттары аркылуу жеке жактарга сатылган товарларды топтоо, сактоо жана жайылтуу үчүн пайдаланылуучу атайын бажы статусуна ээ жер.