«Манас» аэропортундагы дүкөн 18,5 млн сом зыян келтирди

22.09.2023, 16:55 Акчабар
«Манас» аэропортундагы дүкөн 18,5 млн сом зыян келтирди

"Манас" аэропортунун учуу аймагында жайгашкан дүкөндөн декларацияланбаган товарлар табылды. Келтирилген зыян 18,5 миллион сомдон ашык акчаны түзөт.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, товарлар "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүнөн табылган.

2022-жылдын ноябрынан баштап "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧК алымсыз соода дүкөнү 107 миң 954 даана көлөмүндө товарларына карата (алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарды жана тамак-аш азыктарынын ассортиментин) алымсыз соода процедурасы боюнча (ИМ-96) жол-жоболоштуруу жүргүзгөн.

Бирок, аталган ЖЧКнын кеңсесинде жана кампасында жайгашкан тамеки жана алкоголдук продукциянын калган товарларын жана башка товарларды инвентаризациялоонун жыйынтыгында бажы шартында таризделбеген көп сандагы товарлар аныкталган.

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки мезгилде бажы органына товарлардын декларациясынын жок номерлерин көрсөтүү менен бир катар отчетторду берип, муну менен атайылап жалган маалыматтарды берген.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 18 млн 730 миң 512 сомду түзгөн. Чогултуган материалдар каттоого алынып, негизи боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Тэги: товар мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу