«Манас» аэропортунун акциялары 25%га кымбаттады

08.12.2022, 17:15 Акчабар
«Манас» аэропортунун акциялары 25%га кымбаттады

“Манас” эл аралык аэропортунун жөнөкөй акциясынын баасы бир жумада 25% кымбаттады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Бүгүнкү күндө компания 1,2 миң баалуу кагазды сатуу боюнча эки бүтүм жасады. Ар бир баалуу кагаздын баасы 800 сомго бааланды. Биржага түшкөн каражаттын көлөмү 960 миң сомду түздү. 

Буга чейин 31-ноябрда “Манас” аэропорту бир колго 3125 жөнөкөй акцияны саткан. Операциянын баасы 2 миллион сомду түзүп, ар бир баалуу кагаздын наркы 640 сом болгон. 

Ошентип, сегиз күндүн ичинде компаниянын акциялары 25%га кымбаттап, алардын эмиссиясынын эсебинен тогуз күндө 2 миллион 960 миң сом тартылган.  

Бүгүнкү күндө “Манас” аэропортунун баалуу кагаздарына ээлик кылгандардын саны 2 миң 428ди түзөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу