Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын жөнөкөй акциялары менен үч бүтүм катталды.
Бүтүмдүн суммасы 43,3 миң сомду түзүп, сооданын жүрүшүндө жалпысынан 51 акция сатылды. Акциялардын бир нускасы 850 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, бул акциялар кечээ 820 сомго бааланган сооданын жыйынтыгынан 3,6%га жогору.