«Манас» аэропортунун акциялары эки млн сомго сатылды

01.12.2022, 14:25 Акчабар
«Манас» аэропортунун акциялары эки млн сомго сатылды

Кечээ, 30-ноябрда “Манас” эл аралык аэропорту 3125 жөнөкөй акцияларын сатты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Операциянын баасы 2 миллион сомду түзүп, ар бир баалуу кагаз 640 сомго бааланды. Бүгүнкү күндө компания ар бири 700 сомдон болгон 807 жөнөкөй акцияны сунуштоодо.

Быйыл 3-кварталдын жыйынтыгы боюнча “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын баалуу кагаздарын кармоочулардын саны 2 миң 428 адам болгон. 

Алардын 2409у жеке адамдар. Алар бардык акциялардын 9,21%на ээлик кылат.

Ал эми 90,78%ы 19 юридикалык жактарга таандык. Акциялардын пакетинин негизги үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна (79,05%) жана Социалдык фондго (8,46%) тиешелүү.

Компаниянын таза кирешеси отчеттук мезгилдин акырына карата 3 миллиард 361 миллион 111 миң сомду түздү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу