“Манас” аэропортунун акционерлери 27-апрелде өткөн жылдык жалпы чогулушунда 2023-жылга жылдык бюджетти бекитишти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.
Алсак, кирешелер 8 миллиард 493 миллион 726 миң сом өлчөмүндө бекитилсе, чыгашалар 4 миллиард 982 миллион 229 миң сомду түзөт.
"Туунду компанияларды эсепке албаганда, таза пайда 3 млрд 160 млн 348 миң сомду түзөт", - деп билдирет компания.
Кошумчалай кетсек, быйыл “Манас” аэропортунун консолидацияланган таза кирешеси 5 миллиард 300,3 миллион сомду түздү. Ошентип, бул жылга компания кирешенин төмөндөшүн күтүүдө.