Манас РЭТнин кызматкерлери мамлекетке дээрлик 3 млн сом зыян келтирген

25.04.2022, 10:56 Акчабар
Манас РЭТнин кызматкерлери мамлекетке дээрлик 3 млн сом зыян келтирген

“Түндүкэлектр” ишканасынын Талас облустук филиалына караштуу Манас РЭТнин айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталды,- деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, РЭТтин кызматкерлери Манас районундагы айыл өкмөттөрдүн жооптуу кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп, айрым абоненттер колдонгон электр энергиясынан түшкөн акчаны XENON жана IBS базаларына киргизбей, өздөрүнө жумшап, төлөмдөрүн бюджеттин эсебинен бурмалап, жаап келишкен.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкө казынасына 2 млн 800 миң сомдон ашык зыян келтирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон”,- деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары «Түндүкэлектр» ишканасынын Манас РЭТинин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тэги: Манас РЭТ коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу