Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Жыйында өкмөт башчы инвестицияларды тартуу жана бизнести колдоо тармагында иштин ачык-айкын эрежелерин камсыздоо үчүн өкмөт бардык күч-аракеттерди жумшоого даярданып жаткандыгын билдирди.
«Ченемдик укуктук документтерди жана ченем чыгаруу демилгелерин инвентаризациялоо, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн кыскартуу жана укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске басым жасоолорду түп-тамырынан жоюу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө», - деди Улукбек Марипов.
Маалым болгондой, жакын арада Коопсуздук Кеңештин жыйыны өтөт жана анда бизнести коргоо боюнча дагы маселелер көтөрүлөт.