Марипов Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты ишке киргизүүнү тапшырды

16.09.2021, 13:07 Акчабар
Марипов Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты ишке киргизүүнү тапшырды

Күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынында Улукбек Марипов бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү да бар. 

Жыйында электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана Токтогул суу сактыгычындагы суунун топтолушу үчүн чаралардын топтомун аткаруу, энергетикалык объектилердеги учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жыйынтыктоо, электр энергиясын импорттоону өз учурунда каржылоону камсыздоо маселесин иштеп чыгуу, Ош шаарындагы жылытуу станциясына өз учурунда мазут жеткирүү зарылдыгы белгиленди. 

"Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБди, социалдык жана бюджеттик мекемелерди жана калкты тийиштүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо зарыл. Ага катар калк арасында электр эенергиясын пайдалануу лимитин сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек", - деди минкаб башчысы.

Ошондой эле, билим берүү, медицина, маданият жана башка социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарын оңдоону каржылоо маселесине өзгөчө басым жасоо керектиги айтылды. 

"Министрлер кабинетинин маанилүү милдеттерини бири – калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Бүгүнкү күнү республика боюнча 600гө жакын көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Каалаган адам жеткиликтүү баада көмүр сатып алуусу үчүн мындай кошумча пункттарды ачуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Көмүрдү өз убагында камдап алуу электр тармагына карата жүктөмдү төмөндөтүүгө жана орнотулган лимиттерди карманууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Марипов.

Муну менен бирге тиешелүү жетекчилерден 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине белгиленген мөөнөттө даярдык көрүү жана андан сапаттуу өтүү үчүн бардык көйгөйлүү маселелерди суук түшкөнгө чейин иштеп чыгууну талап кылынды.

 

Тэги: Марипов ОЗП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу