Маршрут айдоочуларына 1,4 млн сом айып пул салынды

05.10.2023, 12:10 Акчабар
Маршрут айдоочуларына 1,4 млн сом айып пул салынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Рейдде техникалык абал, лицензиялардын бар-жогу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз жабдууларды орнотуу, ылдамдыкты жогорулатуу жана башка кемчиликтер боюнча 780 мыйзам бузуу протоколдору түзүлдү. 

Салынган айыптардын жалпы суммасы 1,4 млн сомго жетти. 

Бул чаралар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында өткөрүлүүдө. 

 

 

Тэги: кичи маршрут Айып пул мыйзам бузуулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу