ККМдин эски үлгүлөрүн колдонуу мөөнөтү аяктайт

20.02.2023, 10:27 Акчабар
ККМдин эски үлгүлөрүн колдонуу мөөнөтү аяктайт

Ушул айдын 28-февралында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-марттан баштап бардык ККМ фискалдык модуль менен иштөөгө милдеттүү. Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген эски үлгүдөгү ККМ аппараттары өчүрүлөт.

ККМдин эски үлгүсү колдонуудан чыгарылса, кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

“Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат. Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт былтыртан тартып ККМ колдонууну талап кыла баштаган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу