Masdar Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрөт

11.01.2023, 14:54 Акчабар
Masdar Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрөт

Бириккен Араб Эмирлигинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө дүйнөдөгү алдыңкы компанияларынын бири Энергетика министрлиги менен энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында бир катар долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Макулдашууда кубаттуулугу 1 гигаваттка чейинки долбоорлор камтылганы такталган. Биринчи пландалган долбоор 200 мегаваттык күн электр станциясы болот. Ал 2026-жылы колдонууга берилери пландалууда. 

Белгилеп кетсек, долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашуу өткөн жылдын апрель айында эки тарап тең кол койгон өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде түзүлүп, анда Masdar өлкөнүн декарбонизациясынын максаттарын колдоо максатында Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө макул болгон.

 

Тэги: экономика Masdar зеленая энергетика ОАЭ новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу