«Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» жарым жылда 900 тонна суу май өндүрдү

12.09.2022, 13:13 Акчабар
«Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» жарым жылда 900 тонна суу май өндүрдү

Ушул жылдын мартынан сентябрына чейин "Жалал-Абад май иштетүүчү заводу" ЖЧКсы 900 тонна суу май өндүргөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун ишканага болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырье колдонулат.

"Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонот. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат", - деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Маалымат уккан соң президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу