Массалык ишембиликке 650 миңден ашык кыргызстандык чыгышы мүмкүн

11.09.2023, 16:29 Акчабар
Массалык ишембиликке 650 миңден ашык кыргызстандык чыгышы мүмкүн

2022-жылдан тартып Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун  "Улуттук тазалык күнүн киргизүү жөнүндө" жарлыгы иштейт жана ал күн күзүндө жана жазында белгиленет. 

Өткөн жылдагыдай эле, быйылкы күзгү жалпы республикалык ишембилик 16-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө өткөрүлөт, анда дүйнөнүн 190 мамлекети булганган аймактарды таштандылардан тазалоо боюнча өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирет.

Акцияга ар бир жаран ыктыярчы боло алат – бул үчүн сөзсүз эле чоң аймактарды тазалоого чыгуунун кереги жок, болгону үйгө жакын аймактарды тазалап көрктөндүрүү, жакынкы гүлбактан же кошуна көчөдөн таштандыларды чогултуу жетиштүү. Мында башкы максат – экологиялык кырдаалга элдин көңүлүн бурдуруу жана өлкөнү тазартуу жана болочок муундар үчүн жашоого жарактуу абалда сактоо болуп саналат. Бул үчүн системалык өзгөрүүлөр, кайдыгер эмес жүз миңдеген жарандардын табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануусу жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоосу керек.

"Биз быйыл бул акцияга бүткүл өлкө боюнча 650 миңден кем эмес адам чыгат деп күтүп жатабыз. Ыктыярчылар дагы көбүрөөк болуп, катышуучулардын саны боюнча 190 мамлекетинин арасынан Кыргызстан кайрадан биринчи орунду ээлейт деп үмүттөнөбүз»,— деп «Эко Деми» коомдук фондунун башчысы, Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева чакырык таштады. 

Бул акциянын алкагында «эң таза айыл» кароо-сынагы да жарыяланат.

"Жеңүүчүгө ПЭТ (пластик) ташууга же кайра иштетүүгө даярдоочу пресс жабдуусун тапшырабыз. Эң активдүү ыктыярчылар экологияны сактоо жана таштандыны башкаруу боюнча тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана «Эко Деми» өнөктөш болуп саналган жана Сочиде өтө турган «Таза оюндарга» катыша алат”, — деп «Эко Деми» коомдук фондунун башчысы, Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева чакырык таштады. 

Тазалык күнү – мамлекет, бизнес жана жарандык сектордун күч-аракетин бириктирген ийгиликтүү мисалдардын бири. Мамлекет активисттердин демилгесин колдойт – быйыл жалпы республикалык ишембиликке өлкө жетекчилери жана бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү чыгат. Экологиялык акцияга активдүү катышып жаткан эл аралык сектор жана бизнес тармагы да таштанды көйгөйүн көңүлдөн тышкары калтырбайт. 

"Биздин акционерлердин колдоосунда бизде кайрымдуулук акцияларга катышууга жана жүрөккө жакын долбоорлорду колго алууга мүмкүнчүлүк болгонун сыймыктануу менен айткым келет. Биз колдоо көрсөткөн долбоорлордун 50% «жашыл» болушуна умтулабыз жана кароо баскычында алардын бир катар критерийлер боюнча курчап турган чөйрөгө таасирин баалайбыз. Биздин курам алдыда турган Дүйнөлүк тазалык күнүнө өткөн жылдагыдай эле кубануу менен катышат. Жакында ар бир адам үчүн өз таштандысын тазалоо жакшы адат болуп калат деп үмүттөнөбүз жана биз дагы тазалыкты сактоону колдойбуз жана көрктөндүрүү иштерин аткарабыз", — дейт Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын КРдагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы аймактык директору Айтен Рустамова.

Экологиялык акциянын башка өнөктөштүрүнүн катарында «Бакай Банк» бар. Быйыл Банк өзүнүн 25 жылдыгын белгилейт жана мааракелик датага арналган ар түрдүү долбоорлорду жүзөгө ашырууда, анын ичинде экологиялык демилгелерге да колдоо көрсөтүп жатат. 

"Бакай Банк" социалдык жоопкерчиликтүү компания катары экологияны колдоо боюнча бүтүндөй программаны ишке ашырууда. Быйыл «1 кызматкер = 1 дарак» долбоорунун алкагында бардык өлкө аймактарында көчөттөр отургузулду. Ошондой эле, биздин кызматкерлер өткөн дем алыш күндөрү болгон Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча иш-чараларга катышты. Мындан тышкары, биздин күч-аракеттер өтө курч смог көйгөйүн чечүүгө дагы багытталган. Биз өнөктөштөр менен биргеликте газ от казандарын орнотуу үчүн пайызсыз бөлүп төлөөгө каражат беребиз, электромобилдерди жана башка экотранспортторду сатып алууну каржылайбыз", — дейт «Бакай Банк» ААК маркетинг жана бизнести өнүктүрүү башкармасынын башчысы Айдай Мураталиева.  

Ошондой эле, биздин кызматкерлер өткөн дем алыш күндөрү болгон Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча иш-чараларга катышты.

«Эко Деми» КФ түшүндүргөндөй, таштандыны жыйноого, сорттоого жана адистешкен пункттарга тапшырууга адамдарды үйрөтүү - бүгүнкү күндүн эң маанилүү милдеттеринин бири. Экоактивисттер өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында заманбап таштанды сорттоочу эки пункт ачууну пландап жатат. Мындан тышкары, таштандыны кайра иштетүүчү компаниялар үчүн бирге аракеттенүү жана калк менен иштешүү боюнча тренингдер өткөрүлөт. Бул Кыргызстанды мындан да көбүрөөк таза жана жашыл кылууга мүмкүндүк бере турган катуу тиричилик таштандылар көйгөйүн чечүүнүн жана табигый ресурстарды сактоонун бирден бир системалуу ыкмасы болуп саналат. 

Тэги: тазалык куну

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу