Мамлекеттик материалдык резервдер фонду илешкектиги (клейковинасы) 23%дан кем эмес, сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон 18 миң тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.
Учурда сатып алуу иштери уланууда.