"Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK ийгиликтүү жаңы жетишкендиги менен белгиленди – банктык тиркемени жүктөөлөрдүн саны 7 миллионго жетти. Бул саамалыкка карата кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын дээрлик көбү MBANK тиркемесин колдонушаарын билдиришти.
"Кыргызстандыктардын көпчүлүгү биздин банкты жана MBANK тиркемесин тандаганы биз үчүн абдан жагымдуу. Жадакалса Кыргызстандын эң алыскы райондорундагы кардарларыбыз биздин тиркемени активдүү колдонуп жатканын көрүүдөбүз. MBANK тиркемесин ар бир кардар үчүн ыңгайлуу кылып жасайбыз. Бул тиркемени жүктөөлөрдүн көрсөткүчү, банк карталарынын берилиши жана берилген кредиттердин саны буга далил.
Биз кардарларыбыздын убактысын үнөмдөөгө, бизнес процесстерин оптималдаштырууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берген бүтүндөй экосистеманы түзө алганыбыз менен сыймыктанабыз. Мындан ары да рекорддук көрсөткүчтөрдү жаңыртып, сиздер менен жаңы бийиктиктерге бирге жетебиз", - деп инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев билдирди.
MBANKтын жардамы менен бүгүнкү күндө 1500дөн ашык жеткирүүчүлөрдүн кызматтарын төлөөгө, 100дөн ашык мамлекеттик кызматтарды колдонууга, товарларды онлайн сатып алууга, онлайн насыя жана депозит ачууга, башка банктарга жана өлкөлөргө акча которууга, ал тургай башка банктардын карталарын тиркемеге байлоого болот.
MBANK мобилдик тиркемеси Plus Award эл аралык сыйлыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызстандын эң мыкты банктык тиркеме» деп табылды, КИТ-форумунун жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты ата мекендик мобилдик тиркеме» деп аныкталды, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тарабынан ELQR-төлөмдөрүн активдүү пайдалануучулардын саны боюнча лидер деп белгиленди жана Кыргызстандын мобилдик тиркемелеринин рейтингинде өлкөдөгү эң популярдуу биринчи орундагы мобилдик банкинг деп табылды.
Эмне үчүн көпчүлүк кыргызстандыктар MBANKты тандашат?
MBANK кардарлардын муктаждыктарын биринчи орунга коёт. Анын негизинде жаңы өнүмдөр жана кызматтар ишке киргизилет жана төмөнкү аспекттерге өзгөчө көңүл бурулат:
7 000 000 жүктөө чегине жетүү - бул Кыргызстандагы колдонуучулардын ишениминин жана популярдуулугунун маанилүү көрсөткүчү. Банк өз кызматтарын өнүктүрүү менен жакшыртууну улантууда жана бүгүнкү күнгө карата MBANK — бул жөн гана мобилдик тиркеме эмес, бул миллиондогон колдонуучулар үчүн каржы маселелеринде ыңгайлуу жана ишенимдүү өнөктөш.
MBANK – биринчи санариптик!