Медиасабаттуулук боюнча мугалимдер үчүн интенсивдүү онлайн курсу өтөт

19.08.2020, 12:00 Акчабар
Медиасабаттуулук боюнча мугалимдер үчүн интенсивдүү онлайн курсу өтөт

«ММК колдоо борбору» фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен, Кыргызстандагы мектеп мугалимдерине медиа-маалымат сабаттуулук жана аралыктан окутуу боюнча интенсивдүү онлайн курска катышуу үчүн конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Долбоордун максаты - мугалимдерди окутуу, жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү жана медиа сабаттуулугун жайылтуу, мектептеги билим берүүнүн циклдери жана медиа сабаттуулук компоненттерин киргизүү, ошондой эле өз предметиндеги медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, аралыктан окутуу чөйрөсүндө педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу.

Катышуучуларды тандоону «ММК колдоо борбору» фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте конкурстук негизде жүргүзөт. Ошол эле учурда, катышуучунун өз багыты боюнча видео сабактарын андан ары өнүктүрүүгө жана өз жамааттары үчүн аралыктан окутуу, санариптик жана медиа сабаттуулугу боюнча вебинарларды уюштурууга даярдыгы бааланат.

Сынак формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: Онлайн курсуна катышуу үчүн сынак формасы (https://docs.google.com/forms/d/1dH6qIwFhhgt24jw91Y4nduTxDCqJWht03pJr2oBssPM/edit)

Эске салуу: Программага катышуу үчүн анкета 2020-жылдын 26-августуна (саат 17:00) чейин толтурулуп, жиберилиши керек.

Тэги: Медиасабаттуулук мугалимдер курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу