COVID-19: медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн 377,5 млн сом бөлүнгөн

03.07.2020, 14:50 Акчабар
COVID-19: медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн 377,5 млн сом бөлүнгөн

Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн март айынан бери 377,5 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

 

«Анын ичинен март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 6 миң 438 медицина кызматкерине (2 мин 217 дарыгер, орто медициналык персонал – 2 миң 836 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 708 киши жана башка кызматкерлер – 677 адам) кошумча төлөм катары 37,7 млн сом бөлүнгөн. Апрель айы үчүн 10 миң 61 медицина кызматкерине (2 миң 886 дарыгер, орто медициналык персонал – 4 миң 658 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 1 миң 363 киши жана башка кызматкерлер – 1 миң 155 адам) 111,6 млн сом кенемте төлөнгөн. Май айы үчүн 8 миң 891 медицина кызматкерине (2 миң 696 дарыгер, орто медициналык персонал – 3 миң 676 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 1 миң 268 киши жана башка кызматкерлер – 1 миң 251 адам) кошумча төлөм үчүн 109,8 млн сом бөлүнгөн. Бардыгы болуп 3 айда медицина кызматкерлерине 259,1 миң сом кенемте төлөнгөн. Бул каражаттар саламаттык сактоо мекемелеринин депозиттик эсептерине которулган. Алардын андан кийинки бөлүштүрүлүшү саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт», - деди ал.

 

Тэги: медицина кызматкерлери кенемте млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу