Медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан декабрда Ыссык-Көлдөгү медицина кызматкерлери үчүн 19 млн 662 миң сомго компенсациялык төлөм жүргүзүлгөн. Бул тууралуу фонддон маалымдашты.
Жалпысынан 240 медицина кызматкерлерине 4 млн 825 миң сомго компенсация төлөнүп берилген.
Эске сала кетсек, 2020-жылы медицина кызматкерлердин эмгек акысына 5.7 млрд сом бөлүнгөн.