MegaCom 4G LTE тармагынын кубаттуулугун жана жайылтуу аймагын кеңейтүүдө

18.01.2022, 11:08 Акчабар
MegaCom 4G LTE тармагынын кубаттуулугун жана жайылтуу аймагын кеңейтүүдө

Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaCom адаттагыдай эле Кыргызстан боюнча тармакты кеңейтүү иштерин улантууда. 2021-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн техникалык жумуштардын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын борборунда жана беш облусунда байланыш сапаты жакшыртылып 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү кеңейтилди.

Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кара-Суу, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош жана Токмок шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G’нын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топко жогорулатты. Төмөнкү айылдарда байланыш сапаты жана тармактын төртүнчү муундагы мобилдик интернетинин сапаты жакшыртылды:

  • Баткен облусундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Апкан, Базар-Башы, Бак, Боз-Адыр, Бужум, Говсувар, Жаңырык, Кайыңды, Кан, Капчыгай, Кара-Бак, Кара-Токой, Көк-Таш, Коргон-Таш, Кызыл-Бел, Кызыл-Жол, Кыштут, Миң-Өрүк, Сары-Талаа, Табылгы, Тунук-Суу, Үч-Дөбө, Үч-Коргон, Чоң-Талаа;
  • Жалал-Абад облусундагы Ак-Коргон, Ала-Бука, Башкы-Терек, Бек-Абад, Бостон, Дөбөй, Дөмөр, Жазгак, Жай-Терек, Жаңы-Айыл, Жаңы-Арык, Жаңы-Дыйкан, Жаңы-Кыштак, Кагазды, Камыш-Башы, Канды, Кара-Жыгач, Курулуш, Кызыл-Ай, Кызыл-Ата, Кызыл-Багыш, Кызыл-Кыргызстан, Кызыл-Туу, Кыргыз-Абад, Кыр-Жол, Күмүш-Азиз, Ладан-Кара, Масадан, Массы, Октябрь, Осмонова, Садда, Сакалды, Сары-Булак, Сары-Сыя, Сары-Талаа, Таштак, Түрк-Абад, Чакмаксуу, Чек, Черёмушки, Чокмор, Чоң-Багыш;
  • Ош облусундагы Агроном, Ак-Кыя, Андижан-Махалла, Араван, Арал, Большевик, ВЛКСМ, Гулбаар-Төлөйкөн, Гүлчө, Гүльбахор, Гүльстан, Жаңы-Ноокат, Жар-Кыштак, Жыланды, Жаңы-Турмуш, Жапалак, Жар-Башы, Жылкелди, Жээренчи, Интернационал, Какыр-Пилтан, Калинина, Кара-Кокту, Кара-Кулжа, Каратай, Кенжекул, Керкидан, Коммунизм, Кочубаево, Красный Маяк, Кукалапаш, Кызыл-Абад, Кызыл-Кошчу, Кызыл-Мехнат, Кызыл-Тейит, Мады, Монок, Озгур, Октябрь, Папан, Присавай, Прогресс, Сары-Булак, Сары-Колот, Сырт, Төлөйкөн, Тельман, Тээке, Уйгур-Абад, Учар, Фрунзе, Чапаева, Чычкан-Кол, Эрка-Кашка, Янги-Абад, Янги-Юль;
  • Чүй облусундагы Ак-Жол, Александровка, Арал, Арашан, Виноградное, Военно-Антоновка, Гагарина, Гроздь, Жаңы-Жер, Жекен, Жон-Арык, Жээк, Зелёное, Кожомкул, Кой-Таш, Крупское, Первое Мая, Подгорное, Полевое, Полтавка, Привольное, Прохладное, Степное, Таш-Мойнок, Фёдоровка, Чүй, Эриктүү, Юрьевка.

Базалык станцияларды жакшыртуунун эсебинен Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Суу, Ноокат, Ош жана Токмок шаарларындагы 3G түйүнүнүн сигналы күчтөндүрүлдү. Ушундай эле жумуштар төмөнкү айылдарда аткарылды:

  • Баткен облусундагы Бешкент, Кара-Бак, Карла Маркса, Үч-Коргон, Чоң-Талаа айылдары;
  • Жалал-Абад облусундагы Башкы-Терек, Дөмөр, Жай-Терек, Масадан, Сары-Булак, Саты, Таранбазар, Чакмаксуу айылдары;
  • Ысык-Көл облусундагы Саруу айылында;
  • Ош облусундагы Ак-Кыя, Андижан-Махалла, Араван, Асанчек, ВЛКСМ, Гулбаар-Төлөйкөн, Гүльбахор, Жар-Башы, Жылкелди, Кара-Кулжа, Кенджекул, Керкидан, Керме-Тоо, Кызыл-Мехнат, Лаглан, Мады, Монок, Нурдар, Октябрь, Папан, Сары-Булак, Сары-Камыш, Сары-Таш, Сырт, Төбө-Коргон, Тээке, Уйгур-Абад, Чычкан-Кол айылдары;
  • Чүй облусундагы Ак-Жол, Александровка, Арал, Арашан, Беловодское, Военно-Антоновка, Крупское, Полтавка айылдары.

MegaCom’дун 2G түйүнүнүн базалык станциялары Балыкчы, Бишкек шаарларында, Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылында модернизацияланды.

Кошумча жабдыкты эксплуатацияга киргизүү менен 4G байланышына MegaCom’дун төмөнкү айылдарында жашаган жашоочулар жетки алышты:

  • Баткен облусундагы Бай Кара-Бак, Жаңы-Бак, Дөбө, Зар-Таш, Кара-Тумшук, Лейлек, Паскы-Арык, Рават, Самаркандык, Таян, Чек, Чогорок, Чоң-Кара;
  • Жалал-Абад облусундагы Сасык-Булак айылы;
  • Ош облусундагы Жийде, Коммунизм, Коңурат, Пахтачы айылдары.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар төмөнкү айылдарга орнотулду:

  • Жалал-Абад облусундагы Ак-Тектир, Арал, Бала-Чычкан, Коңур-Өгүз, Кош-Таш, Кызыл-Өзгөрүш, Чолпон-Ата, Шайык айылдары;
  • Ош облусундагы Ничке-Сай айылы.

Түйүн каптаган аймактар тууралуу маалыматтарды MegaCom’дун расмий сайтынан Интерактивдик картанын жардамы менен онлайн-режимде көрсө болот. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын сигналынын деңгээлин, ошондой эле 2G, 3G жана ыкчам 4G-каптамынын сигналынын деңгээлине оңой көзөмөл жүргүзсө болот.

Эске салсак, MegaCom’дун абоненттери түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү же күчтөндүрүү зарылчылыгы болгон калктуу аймактар боюнча каалоолорун *500 Байланыш-борбору менен байланышып билдирсе болот. Мындан тышкары +996 999 500 000 WhatsApp же Telegram номерлери аркылуу билдирүүгө мүмкүн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу