MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ менен камсыздайт

16.09.2022, 13:19 Акчабар
MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ менен камсыздайт

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргыз-тажик чек арасында орун алган абал толугу менен жөнгө салынганга чейин, Баткен облусундагы бардык абоненттерин уюлдук байланыш жана интернет менен акысыз камсыздайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда, аталган аймактагы мекендештерибиздин үзгүлтүксүз байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү.

Ушуга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан түйүн ичинде чектөөсүз чалууларды, түйүндөн тышкары 5 мүнөттү, түйүн ичинде 50 SMSти жана түйүндөн тышкары 5 SMSти, жана да 1 Гб интернет-трафикти өз ичине камтыган акысыз топтом менен Баткен жергесиндеги MegaCom абоненттерин камсыздоо чечими кабыл алынды.

Баткендиктер, биз Сиздер мененбиз!

Тэги: MegaCom Баткен облусундагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу