MegaCom: Жаңы жыл түнү жаңы рекорддук жыйынтыктар менен!

12.01.2022, 09:30 Акчабар
MegaCom: Жаңы жыл түнү жаңы рекорддук жыйынтыктар менен!

Жаңы жыл түнүндө MegaCom'дун абоненттери мобилдик интернет-трафиктин көлөмү боюнча жаңы рекорд коюшту. 31-декабрдын кечинен 1-январга караган түндөгү түйүндөгү datа-трафик 2 млн гигабайттан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла көп болду.

Ошондой эле Жаңы жыл түнү MegaCom абоненттери тарабынан жалпы узактыгы 25 млн мүнөттү түзгөн 15 млн чалуулар аткарылган, бул 47 жылга барабар дегенди билдирет.

Кыргызстандыктар Жаңы жыл түнү эң көп чалууларды аткарган өлкөлөргө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Франция, Азербайжан, Украина, Улуу Британия, Польша жана Армения кирди.

MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору миллиондогон мекендештерибизди сапаттуу интернет жана уюлдук байланыш менен камсыздап келет. Ар жыл сайын Жаңы жыл түнүндө абоненттердин активдүүлүгү өсөт эмеспи. Компаниянын түйүнү мыкты даярдык менен өзгөчө жүктөмгө туруштук бере алды.

"2021-жылы MegaCom оператору жабдууларды модернизациялоо жана түйүндүн каптоосун кеңейтүү менен, түйүндү өнүктүрүүгө басым жасагандыгы маалым. Мындай аракет өз жемишин берип, компания абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш менен камсыздай алды, − деп белгилей кетти "Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. − Бул болсо, өз кезегинде, абоненттерге “кызуу” Жаңы жыл түнүндө уюлдук байланыштын бардык артыкчылыктарын пайдаланып, туугандарын жана жакын адамдарын өз убагында куттуктоого мүмкүнчүлүк берди. Белгилей кетсем, MegaCom компаниясы 2022-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында түйүндү өнүктүрүү иштерин уланта бермекчи"

MegaCom − мамлекеттик ишенимдүү байланыш оператору!

Тэги: MegaCom Альфа Телеком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу