MegaCom «Өмүр булагы» реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн каражат топтоону жарыялайт

15.10.2021, 09:55 Акчабар
MegaCom «Өмүр булагы» реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн каражат топтоону жарыялайт

MegaCom саламаттык сактоо тармагына өзгөчө маани берген, социалдык жоопкерчиликтүү организация катары балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн «Өмүр булагы» реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн акча каражатын топтоону жарыялайт. Каражат MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу топтолот. «Өмүр булагы» реабилитациялык борбору Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

15-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кайрымдуулук марафону өтөт. Иш-чарада чогулган акча каражаты «Өмүр булагы» медициналык-реабилитациялык борборду оңдоп-түзөө иштерин аяктоо үчүн жумшалат. 250 балага ылайыкталган мекеме 8 блоктон турат. Алар: аллергология, онкология, пульмонология, акушерства жана гинекология, балдар хирургу, функционалдык диагностика жана неврология.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кичинекей кыргызстандыктардын келечегине салым кошууну каалагандар MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу акча каражатын которсо болот.

Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play же App Store’до жүктөөгө жеткиликтүү);
  • «Кызматтарга төлөм» бөлүмүнө өтүү;
  • андан кийин «Кайрымдуулук» бөлүмүн тандап жана «Өмүр булагы – кайрымдуулук марафону» баракчасына өтүңүз;
  • реквизитти (телефон номериңизди), которо турган сумманы жазып, төлөмдү тастыктаңыз.

MegaCom – Кыргыз элинин саламаттыгы жана балдардын жаркын келечеги үчүн!

Тэги: Мегаком каражат саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу