MegaCom’дун кызматкерлери Баткен облусунда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү

18.09.2022, 20:25 Акчабар
MegaCom’дун кызматкерлери Баткен облусунда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында орун алган кырдаалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү.

MegaCom’дун жамааты корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында, Баткен облусунун чек ара жаңжалы чыккан аймакта калган жана кооптуу жайлардан эвакуацияланган жарандарына кайрымдуулук иретинде, компаниянын ичинде каражат чогултууну жарыялады.

Кызматкерлердин жеке өздөрү чогулткан 1 миллион сомдон ашуун каражатына зарыл болгон дары-дармектер, азык-түлүк (балдар тамактары, макарон, тез даярдалуучу лапша, өсүмдүк майы, туз, кум шекер ж.б.) 3000 жуп байпак жана жеке гигиеналык каражаттарды (идиш-аяк жуучу каражаттар, балдар үчүн такма жалаяктар, кир жуучу самын, даарат кагазы ж.б.) сатып алышып, Баткен облусуна жөнөтүштү.

Гуманитардык жардам Баткен облусуна жакынкы сааттарда жетип калат.

MegaCom компаниясы кызматкерлерге каражат чогултууга жана сатып алынган каражаттарды жөнөтүүгө көргөзгөн активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет жана өлкөдөгү ири компанияларды дагы кайрымдуулук эстафетасына катышууга чакырат! Өлкө үчүн оор болуп турган кырдаалда мекендештерибизди колдоп, муктаж болгон жарандарыбызга баарыбыз бирге ыкчам жардам кыла аларыбызга ишенебиз.

Баткен, биз сени мененбиз!

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу