MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн каптоосун жана көлөмүн кеңейтүүгө каражат жумшоо менен бүткүл өлкө боюнча инфраструктураны модернизациялоону салттуу улантат.
2022-жылдын июлунда республиканын бардык 7 облусундагы шаар жана айылдарда жүргүзүлгөн иштер сигналды мыктылоого, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга жана MegaCom'дун байланыш сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди.
Базар-Коргон, Бишкек, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Ош, Чолпон-Ата, Шопоков шаарларында, ошондой эле:
Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Токмок, Шопоков шаарларында, ошондой эле:
Баткен облусунун Булак-Башы, Жаңы-Айыл, Көк-Тал;
Жалал-Абад облусунун Ак-Жар, Ак-Жол, Ак-Сай, Ак-Суу, Байкашка-Терек, Бууракан, Дардак-Дөбө, Жаңгактуу-Булак, Жетиген, Ит-Агар, Камыш-Башы, Коңур-Өгүз, Коргон, Коргон-Дөбө, Кош-Таш, Кызыл-Өзгөрүш, Мукур, Сузак, Тегене, Тегирмен-Сай, Тавар-Сай, Тойчубек-Чек, Топ-Жаңгак, Чоргочу, Шайык;
Нарын облусунун Кара-Мойнок;
Ош облусунун Калинин, Кашгар-Кыштак, Кызыл-Мехнат;
Талас облусунун Ак-Жар, Аманбаев, Баласаруу, Кара-Буура, Көк-Дөбө, Майское, Новодонецкое, Покровка, Чоң-Капка, Чоң-Кара-Буура;
Чүй облусунун Константиновка айылдарында жүргүзүлгөн базалык станцияларды модернизациялонун аркасында 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды.
Муну менен катар, Бишкек шаарында, ошондой эле Ош облусунун Калинин, Талас облусунун Аманбаев, жана Чүй облусунун Вторая Пятилетка айылдарында 2G стандартындагы базалык станциялары модернизацияланды.
4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Нарын облусунун Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында, Талас облусунун Арчагул, ошондой эле Чүй облусунун Кызыл-Ой айылында орнотулду.
3G стандартындагы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Авлетим, Аң-Арык, Бел-Кара-Суу, Жүзүмжан, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кечүү, Орто-Жон, Райкомол, Торкамыш, Чарба айылдарында колдонууга берилди.
Эске сала кетели, каптоонун Интерактивдүү картасынын жардамы менен MegaCom'дун расмий сайтынан түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты ар дайым онлайн-режимде алсаңыздар болот. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана ылдамдыгы жогору 4G каптоосу боюнча да биле аласыздар.