MegaPay жана MegaComдун терминалдары аркылуу Баткен элине 3.6 млн сом топтолду

23.09.2022, 15:12 Акчабар
MegaPay жана MegaComдун терминалдары аркылуу Баткен элине 3.6 млн сом топтолду

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Баткен облусунун жашоочуларына дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр жана жабыркаган мекендештерибиз эртерээк айыгып кетишине тилектеш. Аймакта тез аранын ичинде тынчтык орносун деп тилек кылабыз. Баткен облусунун тургундарына кайдыгер карабай, жардам берген жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиребиз.

16-сентябрда MegaCom компаниясы Баткен облусундагы кагылышууда жаракат алган жана эвакуацияланган мекендештерге жардам берүү максатында акча каражатын топтоону жарыялаган.

Алты күн ичинде, 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин миң кайрымдуу, мекенчил жарандарыбыздан MegaCom терминалдары жана MegaPay тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай коомунун атайын эсебине жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 3 млн 610 мин 346 сом чогулду.

Анын ичинде:

  • MegaComдун терминалдары аркылуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 2 млн  912 миң 180 сом;
  • MegaPay тиркемесинин жардамында президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 45 миң 848 сом;
  •  MegaPay аркылуу Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай коомунун атайын эсебине 652 миң 318 сом чогулду.

Чек ара аймактарындагы кагылышуунун кесепеттери али калыбына келтириле элек, жашоочулары коомчулуктун жардамына муктаж. Эсиңиздерге салсак, ар бириңиздер оор күнгө кабылган мекендештерибизге MegaComдун Кыргызстандын бардык аймактарында орнотулган терминалдар аркылуу же MegaPay тиркемесин колдонуу менен жардам бере аласыздар.

MegaPay аркылуу акчаны кантип которуу керек?

  •  MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз (жүктөө үчүн Google Play же App Store до жеткиликтүү);
  •  биринчи ыкмасы: тиркеменин башкы бетинде жайгашкан «Баткеним менин» сервисин тандаңыз (же «Төлөм» бөлүмүнө кирип андан кийин «Кайрымдуулук» баскычын басып «Баткен үчүн каражат чогултуу. Кызыл жарым ай» кызматын тандайсыз);
  •  экинчи ыкмасы: же «Төлөм» бөлүмүнө кирип, «Кайрымдуулук» баракчасына өтүп, «Баткен үчүн каражат чогултуу» кызматын тандаңыз (Ыкчам штаб - КРПБЫӨ атайын эсеби);
  • керектүү реквизиттерди жана которо турган каражаттын суммасын жазуу
  • төлөмдү тастыктоо.

Баткенди биргеликте колдойбуз!

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу