29 мектептин жана  14 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат

21.08.2020, 09:25 Акчабар
29 мектептин жана  14 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Авариялык абалдагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт. Бул маселе бюджеттик тартыштыкка жана пандемияга карабастан өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

 

Авариялык абалда деп таанылган 29 мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Алардын ичинен 11и жакынкы арада колдонууга берилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Муну менен катар 14 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар өз убагында бүткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат.

Андан сырткары, 100дөн ашуун социалдык жана билим берүү тармагындагы, ошондой эле бир катар ирригациялык объеттерди оңдоо жана куруу иштери үчүн бюджеттен зарыл каражат бөлүнгөн. 

Тэги: мектеп оорукана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу