Мелис Турганбаев: Эл өзүнүн кызыкчылыгын коргоп бере тургандарды шайларына ишенем!

26.11.2021, 18:40 Акчабар
Мелис Турганбаев: Эл өзүнүн кызыкчылыгын коргоп бере тургандарды шайларына ишенем!

Бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мелис Турганбаев шайлоочуларына кайрылуу жасады.

Жолдоштор! Акыркы ай Октябрь районундагы ар бир үйдү кыдырып, сиздер менен жүздөн ашуун жолугушууларды өткөрдүк. Жааган жамгырга, карга карабай жарандык активдүүлүгүн көргөзүп, биздин иш-чараларга катышканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ар кыл муундагы адамдарды чогултуу мен үчүн маанилүү болду. Анткени максатым шайлоодо мени колдой тургандарды табуу эмес, парламентте беш жыл иштеше тургандарды табуу керек болду. Койгон максатка жараша тилектеш адамдарды таптым. Кайдыгер караган жоксуздар: суроо бердиңиздер, идеяларды айттыңыздар. Бул көп нерсеге татыйт. Өзүмдүн шайлоо алдындагы программамды сиздер айткан кеңештер, ойлор менен толуктадым.

Маселе көп. Бирок мен андан чочулабайм. 40 жылдай милиция кызматында иштеп көптөгөн билимге ээ болдум. Принципиалдуу жана туруктуу болгондуктан коомдун тагдырына кайдыгер мамиле жасай албайм. Парламентке барып калсам, коомдук кабылдама ачып, сиздер менен ар дайым байланышта болом. Шайлоо алдындагы берген убадаларымды аткарып, жаңы кайрылууларга жооп берип турам.

Депутат болгондон кийин шайлоочулардын айткандары гана аткарбастан, оппоненттердин мыкты делген идеяларын дагы эске алам жана аларды сиздер менен бирге ишке ашырабыз. Кызыктуу өтүп жаткан теңтайлашуу үчүн атаандаштарыма ыраазычылык билдирем – алардын ар бир өз алдынча кызыктуу болду. Ошентсе да, жете турган жеңишиме ишенем! Биз көптөн бери бул шайлоого даярданып келдик жана бир ай бою тыным албай иштедик. Шайлоочулар менин идеяларым жакын экенин жана алардын мага болгон ишенимин көрдүм.

Үгүт учурунда бийлик ачык күрөшүүнүн шарттарын жана бардыгына бирдей эрежелерди түзүп берди. Бүтүндөй өлкө боюнча партиялык тизмедеги жана бир мандаттуу талапкерлер мыйзам чегинде иш-аракеттерди жасап, ачык, таза иштерди жүргүзүп жатты. Албетте, бул алдыга карай чоң кадам.

Урматтуу шайлоочулар, кийинки кадам сиздерден! Шайлоого терең маани берип, добуштарды сатпоону сиздерден көптөн-көп суранам! Тааныштык принциби менен эмес, тажрыйбасы жана компетенциясы жогоруларды шайлаңыздар. Сиздердин кызыкчылыктарды коргой ала тургандарын тандаңыздар! 28-ноябрда мени колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм. Бюллетендеги менин катар номерим 5.

Урматым менен, генерал Мелис Турганбаев.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 26-ноябрь.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

Тэги: Мелис Турганбаев Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу