UBS Transit компаниясынын акционери пайда болду, анын үлүшү 5%дан ашат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мелисбек Сарыгулов компаниядагы үлүшүн 6,9%га көбөйттү. Өзгөртүүлөр 19-майда болгон.
Эске салсак, UBS Transit логистикалык кызматтарды көрсөтүп, жүктөрдү аба, темир жол жана кургактык менен ташыйт.