"Мой свет" тиркемеси жоктордун электр жарыгы өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, мындай арыздар менен ага улгайган адамдар көп кайрылууда.
“Энергетика министрлиги эл өз ыктыяры менен электрондук квитанцияга өтүп жатканын айтууда, бирок андай эмес. Жөн эле элдин электр энергиясы өчүрүлүүдө. Баарын санариптештирүү керек экенин түшүнөм, бирок карыларды жөн койгула”, - деди депутат.