Бишкек мэри батир ээлерин ижара баасын көтөрбөөгө чакырды

07.10.2022, 12:37 Акчабар
Бишкек мэри батир ээлерин ижара баасын көтөрбөөгө чакырды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров батир ээлерин ижарага алган батирде жашоого аргасыз болгон тургундар үчүн бааны көтөрбөөгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан улам келип чыккан экономикалык каатчылыктын ар кандай себептери, тышкы саясий факторлор, мисалы, орусиялык жарандардын массалык агымы Бишкектеги турак жайга болгон суроо-талапка чоң таасирин тийгизди.

“Тилекке каршы, айрым абийирсиз батир ээлери турак-жайга болгон чоң суроо-талаптан пайдаланып, негизсиз бааларды эки-үч эсеге көтөргөн учурларга көп күбө болуп жатабыз. Анын үстүнө ижарачылар жаңы бааны төлөй албаса, көчүп кетүүнү суранышууда. Мындай абалдан башка рыноктун катышуучулары да пайдаланышты. Риэлторлор да өз кызмат акыларын көтөрө баштаганы тууралуу далилдер бар”, - деди мэр.

Мэр Абдыкадыров ижара акысын төлөп батирлерде жашоого аргасыз болгон тургундар материалдык жана моралдык жактан чоң кыйынчылыктарга туш болгонун белгилейт.

“Көпчүлүгү туугандарыныкына көчүп кетүүгө аргасыз болсо, башкалары баанын кымбаттыгынан үй таба алышпай жатат. Бул нерсе эң негизгиси - суук аба ырайынын башталышынын алдында жана жаңы окуу жылы башталган учурда болуп жатат. Көптөгөн тургундар мектептин жанында туруктуу турак жайга ээ болууну каалашат”,-деди ал. 

Ал абийирдүү ижарачыларды четте турбоого жана берилген турак жайдын ижара акысын кымбаттатпоого чакырды.

Тэги: Бишкек аренда жилья Эмилбек Абдыкадыров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу