Бишкек мэриясы сувенирлерге шаардык бюджеттен 190 миң сом сарптайт

21.10.2021, 13:19 Акчабар
Бишкек мэриясы сувенирлерге шаардык бюджеттен 190 миң сом сарптайт

Бишкек мэриясы сувенирлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Бул үчүн акча шаардык бюджеттен бөлүнөт. Жалпысынан сувенирлерге 190 миң 805 сом жумшоо пландалууда.

Негиздемеде алар сөөктөн жана мүйүздөн жасалган көркөм буюмдардын композициясын сатып алууга 26 миң сом, айнек үчүн 119 миң, флеш-карталарга жана ламинатталган кагаз баштыктарга 5 миң сом сарптоону ниеттенип жатканы айтылат.

Тэги: сувениры госзакупки мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу