Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууда 155 млн сом зыян келтирген

05.10.2022, 16:46 Акчабар
Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууда 155 млн сом зыян келтирген

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекетке 154 млн 827,3 сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы мэрияга караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасы” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзгөн. Анда 154 млн 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталган.

Тактап айтканда, аталган ишкананын кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалын жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, мыйзамда белгиленген конкурстук талаптарды өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда “ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD” компаниясы менен 1 даанасы 91 миң доллар, жалпы суммасы 10 млн 920 миң доллар болгон 120 даана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары, сынактык документациянын талаптарын бузуу менен келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргызстандын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген.

Натыйжада бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 339,5 долларды түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи сынактын катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 889,5 долларга, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 906 740 долларга же 154 млн 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (“Атайылап пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Тэги: мэрия Бишкека автобус Генпрокуратура КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу