Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жер участоктор боюнча ижара карыздарды өндүрүү боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалым болгондой, «Пегас Ала-Тоо» компаниясы 0.2 гектар жерди 49 жылга ижарага алып, бирок акысын төлөбөй келген. Жалпы карыз 10 млн 733 миң сомду түзгөн. Буга ылайык, Октябрь сотунун чечими менен, компания карызды толугу менен төлөйт.