Бишкек мэриясы мектеп үчүн 6,8 млн сомго техника сатып алат

17.08.2022, 13:15 Акчабар
Бишкек мэриясы мектеп үчүн 6,8 млн сомго техника сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш мамлекеттик башкармалыгы Мурас-Ордо жана Алтын-Ордо конуштарындагы мектептерге, ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы бала бакчага технологиялык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 10,2 миллион сомду түзөт.

Бул акчага Мурас-Ордо конушундагы мектепке оргтехникаларды (компьютер, планшет, принтер, сканер ж.б.) сатып алууга 6,8 миллион сомдон ашык, ошондой эле 1,4 миллион сом спорттук жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары, Алтын-Ордо конушундагы мектепке тиричилик жабдууларын жана чарбалык буюмдарды сатып алууга 1 миллион 600 миң сом сарпталат. Калган каражат Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын музыкалык залына жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Тэги: госзакупки строительство школы Кара-Жыгач конушу Алтын-Ордо мурас-ордо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу