Мэрия таза суунун тарифин көтөрүүнү көздөөдө

03.02.2023, 14:00 Акчабар
Мэрия таза суунун тарифин көтөрүүнү көздөөдө

Шаар бийлиги ичүүчү сууга жана канализациядагы сууларга тарифтерди көтөрүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жайгаштырылды. 

Шаар бийлиги мунун себебин учурдагы тарифтер эскирген насостук жабдууларды, жүк ташуучу атайын техникаларды жаңылоого, ошондой эле суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык жана авариялык оңдоолорду жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгы менен түшүндүрдү. 

Мындан тышкары, электр энергиясына, күйүүчү-майлоочу майларга, атайын кийимдерге баанын жогорулашына байланыштуу “Бишкексууканал” ЖКК чыгашага учурай баштаганын, ар кандай авариялык кырдаалдан улам жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны өсүп (жылына 16 миңге жакын арыз) жатканын жүйө келтирген. 

Ага ылайык, ичүүчү суунун 1 куб метри үчүн төлөм жогорулатылгандан кийин төмөнкүдөй болот:

  • жарандар үчүн 10,45 сом (учурда 8,10 сом);
  • бюджеттик мекемелер үчүн 12,95 сом (учурда 9,10 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн 18,5 сом, (учурда 13 сомдук). 

Ар бир адам үчүн канализацияны пайдалангандыгы үчүн төлөмдү 50% көтөрүү сунушталууда.

  • жарандар үчүн 3,45 сом (учурда 2,30 сом);
  • бюджеттик мекемелер үчүн 4,5 сом (учурда 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн 9 сом (учурда 6 сом).

Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө 15,10 сом өлчөмүндөгү тарифти белгилөө сунушталууда. Төлөм жылына бир жолу алынат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу