Meta Platforms компаниясы дагы 10 миң адамды жумуштан чыгарат

23.03.2023, 12:20 Акчабар
Meta Platforms компаниясы дагы 10 миң адамды жумуштан чыгарат

“Facebook”, “Instagram” жана “WhatsApp” тиркемелерине ээлик кылган Meta Platforms компаниясы 10 миң кишини жумуштан бошоторун жана жумушка кабыл алуу үчүн ачылган 5 миң кызмат орду жабыларын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, Meta Platforms 2022-жылдын ноябрында 11 000 адам жумуштан бошотулганын жарыялаган.

Компаниянын башкы директору Марк Цукерберг жумуштан бошотуунун оор болгонун айтып, мунун “Өндүрүмдүүлүк жылынын” алкагында жасалганын билдирди.

Цукерберг 2022-жылы кирешенин токтоп калышынан улам компания ушундай чечимге  келгенин билдирди. 

Ал АКШдагы жана дүйнөдөгү экономикалык көйгөйлөргө токтолду.

"Менимче, биз бул жаңы экономикалык реалдуулук көп жылдар бою уланып кетиши мүмкүн экенине даяр болушубуз керек", - деди ал.

Ошондой эле, ал гибриддик иштөө тутумунун инженер-программисттери алыстан иштөөгө караганда кеңседе иштегенде натыйжалуураак иштегенин кошумчалады. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу