Кечээ, 18-октябрдагы банктар аралык валюта аукционунда коммерциялык банктар 11 миллион 400 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.
Соодалар доллардын наркынын 0,6%га, 82,5 сомдон 82 сомго чейин төмөндөшү менен ачылды. Сооданын жабылуу курсу 82,2 сомду түздү.