Кечээ, 26-июнда коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 2,8 миллион доллар сатып алышканын Улуттук банк билдирди.
Соодалар доллардын наркы 87,30 сом деңгээлинде ачылды. Бирок сатуунун акырына карата америкалык валюта 1 доллар 87,35 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошентип, соодалар АКШ долларынын 0,05% өсүшү менен аяктады.
Эске салсак, бир күн мурун, 25-июнда коммерциялык банктар аукциондо 2,7 миллион доллар сатып алып, анда да доллардын курсунун 87,29 сомдон 87,30 сомго чейин өсүшү менен аяктаган.