Кечээ, 13-январда коммерциялык банктар банктар аралык валюта тооруктарында 3 млн доллар сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Соодалар америкалык валютанын баасы 1 доллар үчүн 84,8 сом менен ачылды. Бирок жабылууга карата доллардын курсу 0,01 сомго төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, 10-январдан 13-январга чейин коммерциялык банктар 85,9 млн доллар сатып алышкан.Чет элдик валютанын орточо сатып алуу курсу 84,79 сомду түзгөн.