Кечээ, 20-июнда коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 2 миллион 700 миң доллар сатып алышканын Улуттук банк билдирди.
Алардын ичинен банктар 9 млн долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен дагы 1,8 млн долларды бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Соодалар курстун 0,12%га (87,34 сом) төмөндөшү менен ачылып, баанын дагы 0,02%га же 87,32 сомго чейин төмөндөшү менен жабылды.
Белгилеп кетсек, валютанын наркы ушул жуманын башынан тарта төмөндөй баштаган.