Эл аралык которууларды эми «Элкарттан» алууга болот

22.07.2021, 10:00 Акчабар
Эл аралык которууларды эми «Элкарттан» алууга болот

PAYSEND Кыргызстандагы өнөктөштөр "Бакай Банк" жана "Банктар аралык процессинг борборунун" колдоосу менен республиканын бардык банктары тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ карталарына эл аралык онлайн которууларды баштады. Бул тууралуу Кыргызстан Банктар бирлигинин сайтында маалымдалды. 

Бул кызмат аркылуу акча которуу үчүн банктын филиалына баруунун кажети жок. Эми сизге чет өлкөлүк VISA, Mastercard, ChinaUnionPay, MIR карталарынан ЭЛКАРТ картаңызга которууларды paysend.com сайтынан же App Store же Google Play'ден Paysend мобилдик тиркемесин жүктөө аркылуу жөнөтө алышат.

Кыргызстанга каражат которуу үчүн:

  • акча жөнөтүүчү адам paysend.com сайтына кирип же Paysend тиркемесин орнотушу керек.
  • кызматка катталуусу шарт.
  • каражатты которуу үчүн "Жаңы которуу" баскычын басып, которуу ыкмасын тандап, которуунун суммасын, ошондой эле жөнөтүүчүнүн жана алуучунун реквизиттерин көрсөтөт.

Маалым болгондой, комиссия которуулардын суммасына карабастан белгиленет.

Тэги: банк Бакай банк Элкарт денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу