22-февралда Кыргыз фондулук биржасынын системасында ‘ИнвестКор’ МФК ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен эки бүтүм катталды. Маалымат биржа сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында 525 облигация 525 миң сомго сатылды. Облигациялардын баасы 1 миң сомду түздү.
Эскерте кетсек, “ИнвестКор” ААКсынын социалдык облигациялары КФБ листингине өткөн жылдын 13-ноябрында эң жогоркудан кийинки “В” категориясына кирген.