«АБН» микрофинансылык компаниясы облигацияларды төлөгөнүн жарыялады

16.03.2023, 11:36 Акчабар
«АБН» микрофинансылык компаниясы облигацияларды төлөгөнүн жарыялады

"АБН" микрофинансылык компаниясы 2020-жылдын 14-августунда чыгарылган номиналдык пайыздык облигацияларды төлөгөнүн жарыялады.

Мунун себеби облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрүлдү. Компания карыздык баалуу кагаздарды инвесторлордон 3-марттан 15-мартка чейин сатып алган.

"Чыгаруунун көлөмү 40 млн сомду түздү, бир баалуу кагазга 1 миң сом туура келди. Анын ичинен компания 36 млн 153 миң сомго облигацияларды кайра сатып алды", - деп айтылат маалыматта.

Номиналдуу пайыздык облигацияларды жайгаштырууда микрофинансы компаниясы облигацияларды кармоочуларга жылдык 15% киреше сунуштаган.

Тэги: новости Кыргызстана АБН облигации выплата денег

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу