ММКФ тарабынан саламаттыкты сактоо уюмдарына 2,5 млрд сом төлөндү

06.04.2020, 13:15 Акчабар
ММКФ тарабынан саламаттыкты сактоо уюмдарына 2,5 млрд сом төлөндү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2020-жылдын 1-кварталында Бирдиктүү салык төлөөчү системасында иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарына 2 млрд 580 млн сом төлөндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинен:

-медицина кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жана Соцфондго чегерүүлөргө – 2 122, 4 млн сом;

-дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алуу, жеке коргонуу каражаттарын кошкондо – 266,9 млн сом;

-тамак-аш азыктарын алууга – 28,8 млн сом;

-коммуналдык кызматтарды төлөөгө жана 231 саламаттыкты сактоо уюмунун транспорттук чыгымдарына – 231,9 млн сом;

Андан тышкары, 37,5 миң гемодиализ сеансын көрсөтүү үчүн 176,4 млн сом төлөндү. Дарыканаларга жеңилдетилген рецепттер боюнча берилген дары-дармек каражаттары үчүн – 84,6 млн сом төлөндү.

Тэги: ММКФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу