Санариптик өнүктүрүү министрлиги 48 млн сомго жабдууларды сатып алат

16.06.2023, 14:31 Акчабар
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 48 млн сомго жабдууларды сатып алат

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлчөөчү жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 47 млн. 878 миң 916 сомду түзөт. Бул суммага агенттик Бишкек жана Ош шаарлары үчүн мобилдик жана уюлдук түйүндөрдө өлчөө, базалык станцияларды локалдаштыруу жана идентификациялоо үчүн өлчөө комплекстерин сатып алууну пландоодо. 

Комплекстер келишимге кол коюлган күндөн тартып 120 календарлык күндөн кечиктирилбей жеткирилиши керек. 

 

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики тендер экономика Кыргызстана государственные закупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу