Экология министрлиги К2, К3 күйүүчү майларына тыюу салууну сунуштады

12.12.2022, 13:22 Акчабар
Экология министрлиги К2, К3 күйүүчү майларына тыюу салууну сунуштады

Парламент жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова К2, К3 классындагы күйүүчү майды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, түтүндүн 70%ы автоунаалардан чыккан газдардан пайда болот.

“Учурда өлкөдө эксплуатацияланган автоунаалардын амортизациясы 80%ды түзөт. Ал эми жакынкы аралыкта бул унааларга тыюу сала албагандыктан, К2, К3 классындагы сапатсыз күйүүчү майларды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салууну сунуштап жатабыз. Базарда сапаты начар күйүүчү майлар жок болмоюнча парник газдары боюнча абал өзгөрбөйт”, - деди министр.

Ал сапатсыз күйүүчү майды Кыргызстанга ташып келүүгө алиге дейре тыюу салынбаганын, анткени мунай иштетүүчү заводдор майдын сапатын көтөрүүгө белсенбегенин жана ар дайым кечиктиргендигин кошумчалады. 

 

Тэги: новости Кыргызстана топливо ГСМ экология экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу