Экономика жана коммерция министрлиги энергетикалык суусундуктарга болгон акциздик ставканы литрин 20 сомдон 2 сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштоода. Аталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Жаңы акциздик ставка мыйзам долбооруна ылайык, ал 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын башына чейин күчүндө болушу керек. Андан кийин 3 сомго чейин көтөрүлөт. Баштапкы документте литри 30 сомго чейин көтөрүлүшү керек болчу.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта таңгакталган жана дүңүнөн сатылуучу суусундукту акциздик салык менен маркалоону талап кылуу сунушталууда.