Амангелдиев менен ЭВФ миссиясы Кыргызстандын экономикасынын келечегин талкуулашты

19.05.2022, 08:23 Акчабар
Амангелдиев менен ЭВФ миссиясы Кыргызстандын экономикасынын келечегин талкуулашты

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Николоз Гигинеишвили жана Эл аралык валюта корунун өлкөдөгү туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту.

Анда экономикадагы акыркы өзгөрүүлөрдүн маселелери жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги талкууланды.

Министр 2021-жылдын жана 2022-жылдын төрт айынын жыйынтыгына, экономикадагы учурдагы абалга жана терс тышкы таасирлердин Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кыскача токтолду, ошондой эле миссиянын суроолоруна жооп берди.

Өз кезегинде Николоз Гигинеишвили берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул миссия карап чыгуу миссиясы экендигин жана максаттары аналитикалык материалдарды даярдоо үчүн зарыл маалыматтарды чогултуу, ошондой эле Келишимдин IV беренесинин алкагында мындан аркы консультацияларды өткөрүү экенин белгиледи. 

Ошондой эле, өкүлчүлүктүн башчысы министрликке керектүү техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тэги: МВФ Кыргызстан экономика сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу